Дарылабаса, эмне болот? Кыргызстанда көп кездешүүчү жыныстык оорулар. Нефть деген эмне


КҮЙӨӨМ КЫЗДЫГЫМДАН АЖЫРАТА АЛБАЙ МЕНИ ДА, ӨЗҮН ДА КЫЙНООДО

№253 7-13-сентябрь, 2007-ж.

Эч кимге ооз барып ай­та албаган, бирок, олуттуу жооп­ту та­лап кылган, денсоолук жаа­тын­­да­гы жү­рөк өйү­гөн суроолоруңуз бол­со, биз­­ге кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кыз­мат­керлери жооп беришет.

КҮЙӨӨМ КЫЗДЫГЫМДАН АЖЫРАТА АЛБАЙ МЕНИ ДА, ӨЗҮН ДА КЫЙНООДО

– Биз жакында үйлөнүп, төшөктө 3-4 ирет кошулуп көрдүк. Бирок, ал менден бир топ жоош болгондуктанбы, үстүмө чыкканда эле кайсактап эмне кылаарын билбей кайра түшүп кетет (сыягы "алигимдин" кайда экендигин билбейт окшойт, а мен аеримди көрсөтүп берүүдөн тартынам). Бир аз мурун эле зыңкыйган немеси да жатып калат. Ошентип, экөөбүз тең сыртыбыздан билдирбегенибиз менен ичибизден кыйналуудабыз. Эмне кылсак? Дина, Жалалабат.

– Күйөөңүз сизге "оорутуу жаратып албаймбы?" деп сактанып, кыжаалат болуп, сиз сүрөттөгөндөй абалга туш келүүсү мүмкүн. Андыктан, аны туура түшүнүңүз. Сиздерге айтаар кеңеш, төшөктө тартынуудан арылып, эркин болуңуздар. Фантазияңыздарга жол бериңиздер. Мындай учурда кыз демилгени өз колуна алганы жакшы. Кыз жыныс кынынын оозун атайын интимдик гель же крем (дарыканада сатылат) менен сыйпап, күйөөсүн чалкасынан жаткызып, үстүнө чыгып, "алигисин" акырындап жыныс кынына киргизет. Ушинткенде кыздык оңой алынат.

СЕКС ТАЗДАРГА ДАРЫБЫ?

– "Бат-бат болуп туруучу секс таз эркектер үчүн дары катары эсептелет" дегенди угуп ишене албай жатам. Кантип эле төшөк оюнуна берилген таз эркекке чач чыгып калсын? Же мен жаңылышып жатамбы? Дегеле, секстин чачка кандай тиешеси бар? Алик, Талас.

– Негизи, дамамат болуп туруучу секс чачтын өңүн оңдоп, жалтырак, серпилгич кылат. Бул кан айлануунун жакшырып, чачтын түптөрүнө азыктын жакшы баруусу менен түшүндүрүлөт. Бирок, медицинада "секс түздөн-түз баштагы таздан арылтып, чач чыгарат" деген нерсе жок. Эгер секс таздан арылтса, таздар секс менен алаксып эле чачтарын өстүрүп алышпайт беле?!

ЭРИМ КАРТАЙСАМ ДЕЛЕ ЖАНЫМДЫ КОЙБОЙТ

– Мен 45 жаштамын, күйөөм болсо 49да. Менимче, биздин куракта төшөк оюну токтош керек. Бирок, күйөөм күн сайын төшөккө сүйрөйт, алтургай бир күндө эки ирет барпыратып басып калууга барат. Мен: "Картайганыбызда минткениң туура эмес",- деп уялганымдан урушам. Ал болсо: "Мен мунсуз жашай албайм",- дейт да турат. Кандай чара колдонсом болот? Же меники туура эмеспи? Тома, Бишкек.

– Эркектердин төшөктө активдүүлүгү анын денсоолугунун чыңдыгы менен түшүндүрүлөт. Баяндооңузга караганда, күйөөңүз толук денсоолукта жана сексуалдуу. Ага чындыгында төшөк оюну зарыл. Эгерде анын төшөктөгү активдүүлүгүн чектеп койсо, денсоолугу начарлап кетет. Көпчүлүк эркектер 65-70 жашка чейин аптасына жок дегенде бир ирет төшөк кумарына батууга жөндөмдүү. Андыктан, маселеңизди медициналык жол менен эмес, күйөөңүздү туура түшүнүү жана өз ара сүйлөшүү аркылуу чечиңиз.

КЫРСАМ ЭЛЕ КЫЧЫШАТ....

– Жука чурайымдагы жүн­дөрдү кырсам эле эртеси териси кычыша баштайт. Кычышканы кетеби деп кайра кырсам ого бетер кычышат. Андыктан, жүндөр өсүп, кычышпай калганча чыдашым керек болот. Кыраар алдында атайын гелди жана кыргандан соң сакал алгандан кийин сыйпоочу кремди колдоном. Канткенде кыргандан кийин кычышпай калат? Боло, Бишкек.

– Сакал алгандан кийин колдонулуучу крем одуракай териге (ээкке) колдонуу катары чыгарылгандыктан, сезимтал териге (мисалы, жука чурайга) сыйпаганда албетте, кычыштырууну жаратат. Андыктан, башка крем (антибактериалдык кошулмалары бар) колдонуп көрүңүз.Акырында айтаар нерсе, кыргандан соң кычыштыра берсе, кырып өзүңүздү кыйнап эмне кереги бар? Жөн эле кайчы менен кыркып койсоңуз болбойбу? Ойлонуп көрүңүз.

ТӨРӨТТӨН СОҢ ИЧ САЛАҢДАП КАЛБОО ҮЧҮН НЕ КЫЛУУ КАЖЕТ?

– Кээде кош бойлуу учурда ич абдан чоңоюп, териси чоюлат да, төрөгөндөн кийин ич тартылбай, курсак салаңдаган бойдон калат. Ошондуктан, боюнда барда ич салаңдап кетпеш үчүн эмне кылса болот? Жыкы, Токтогул.

– Балалуу болууну пландап, бирок, бойго болтура элек кезде курсактагы булчуңдарды чыңдоо үчүн фитнес же атайын көнүгүүлөр менен алаксуу керек. Ошондо гана кош бойлуу кезде ич абдан чоңоюп кетпейт жана төрөгөн соң бат калыбына келтирүүгө оңой болот.

ЭМНЕ ҮЧҮН МУЗДАК?

– Менимче, менин жумурткалыгым ооруга кабылган окшойт. Себеби, кармап көрсөм дайыма муздак. Бул эмнеси? Бакы, Сокулук.

– Бул эч кандай оору эмес. Сиздин жумурткалыгыңыз толук жайында. Болгону, жумурткалыктагы температура курсактын температурасына караганда 3-4 градуска төмөн. Бул бел суунун (сперманын) пайда болушу жана сакталышы үчүн керек.

www.super.kg

Гүлазык деген эмне? Күч-кубат берген, умай энеден уланган азыктын мааниси

Колумнист Шаакан Токтогул ата-бабалар кеңири пайдаланып келген гүлазык тууралуу жазып, байыркылардын турмушун унутуп, дээрлик билбей калган муун үчүн табылгыс маалымат берди.

Кыргыздын улуттук тамак-ашынын ичинен узакка сакталган, ичкенге жарым-жартылай даяр кылып жасалган бул тамак өзгөчө. Анда төмөндө гүлазыктын күнүмдүк турмуштагы орду, баалуулуктары тууралуу кеп салабыз…

Гүлазык деген эмне?

Гүлазык – кубаты мол, узакка сакталган, ичкенге жарым-жартылай даяр кылып жасалган азык. Таразалай келгенде байыркы башаттын акылынан жаралган, эчен кылымдык мол тажрыйбанын табият менен шайкештигинин, ар нерсенин кадыр-баасын, сын-сыпатын терең билгендиктин түшүмү.

Жоокерчилик заманда жортуулга чыккан, жүрүшкө аттанган ар эрендин жан баштыгында гүлазыктын бир нече түрү камдалган. Керек жерде жан казандагы кайнап жаткан сууга салып жиберип, курсагын тойгузуп, кубатын толтуруп, дымагын тирилтип, аны даярдаган асыл жарына, энесине же эже-карындашына батасын берген.

Гүлазыктын түрлөрү

Гүлазык дан азыктарынан, сүт азыктарынан жана эт азыктарынан даярдалган болуп бир нече түргө бөлүнөт.

Дан азыктарынан даярдалгандарга: талкан, кошкон май, май талкан, куурулган буудай сыяктууларды кошууга болот.

Сүт азыктарынан курут, кайнатылган курут, кургак кымыз өңдүү гүлазыктарды камдашкан.

Эт азыктарынан даярдалган гүлазыктар жылкы же кийик гүлазык деп бөлүнгөн.

Эт гүлазыктар

Гүлазык негизинен көбө турган, көбөйө турган эттерден жасалган. Төрт түлүктүн ичинен жылкынын эти тандалган. Ал эми жапайы жандыктардан кийиктин этин пайдаланышкан. Биринчиден жогоруда айтылган көбөйө турган касиетинен улам, экинчиден кубаттуулугунан улам деп белгилешет салттуу билим алып жүрүүчүлөр.

Кошумчалай кетчү нерсе элдик билимде "кийиктин эти кырк жылда мумиё болот" деген түшүнүк бар.

Жасалышы

Сүт азыктары (кургак кымыздан башкасы, бул азыкка кенен токтолобуз — ред.) менен дан азыктарынан жасалган гүлазыктарын жасоо ыкмалары аздыр-көптүр түшүнүктүү болгондуктан эт азыктарынан даярдалган гүлазык тууралуу кененирээк айтууну эп көрдүм.

Жылкынын же кийиктин этин нымы кеткиче бакандарга иле туруп, анан абдан майда туурашып, козу кулак же аткулактын үстүнө жайып, көлөкөгө көп күн кургатышкан. Албетте, эт кургагыча чымын-чиркейден сактаган сурп же бөздөн жабуулар жабылган. Арасына сарымсак, согон, тоо пиязды майда туурап кошуп, жалбыз, кийик оту өңдүү чөптөрдүн кургак жалбырактарынын күкүмдөрүн татымал иретинде аралыштырышкан. Тоборсуп кургап калгандан кийин, жаргылчакка тартып, күлмайда талкан кылышкан. Элдик билимде жаргылчакка тартпай оп майда тууралган түрлөрү да бар дешет.

Айрымдар буудай талканды аралаштырып, айрымдар талкан аралаштырбай пайдаланышканын салттуу билимди алып жүрүүчүлөр айтышат. Мындай гүлазыктар атайы тигилген кездеме баштыктарга салынып, баканга илинип, ар бир үйдө көздөй азык катары аяр сакталган.

Азыркы заманга айкалыштырсак…

Ой тизгинин жыйып, гүлазыкка корутунду пикир тизмектеп айтаарыбыз байыркы эне башаттан уланган гүлазыктын бардык түрү азыркынын жарым даяр азыктарынан алда канча кубаттуу, алда канча пайдалуу. Албетте ал – азыктын таза дандан табигый тамактан даярдалгандыгынын жыйынтыгы. Жортуулчулук заманда ылдам жүргөнгө, ар дайым ар кандай кырдаалга шайма-шай болгонго басым жасалган. Азыр деле заман агымы менен алпурушуп таңда туруп шашып жумушка аттанабыз, кечкисин шашып келип батыраак бышса экен деп тамак даярдайбыз. Балким, эне башаттын эмгеги гүлазыктардын түрлөрүн күнүмдүк тамак-аш рационуна киргизсек, биринчиден шашкан кезде бат даярдалып, экинчиден зыяндуу кошулмалары жок таза азык катары учурга шай, убакытка туура келмек деген ой келет…

sputnik.kg

Локомотив деген эмне

"Локомотив деген эмне" - ар бир өлкөдө поезд болсо керек. Вагонго түшүп, ыңгайлуу орундукка жайланыштыңар дейли. Мына, поезд ордунан козголду, терезеден дарак, үй, талаалар зымырап улам артта калып баратты. Алдыда узак сапар. Күтүлбөгөн жерден кулак тундурган үн жаңырып, каршы келе жаткан поезд зуулдап өтөт. Карачы канчалык узун!

Көптөгөн вагон, платформа, цистерналар чиркелген. Аларда нефть, көмүр, цемент, машина жана башка ар түрдүү жүк жүктөлгөн. Ушунун баарын бир гана вагон сүйрөп баратат. Ырас, жөнөкөй эмес, өзү жүрмө вагон сүйрөп баратат. Өзү жүрмө вагондо кыймылдаткыч же дагы башка айтып жүрүшкөндөй мотор бар. Ал вагондун дөңгөлөгүн айландырат. Ушундай күч менен айландырат дейсиң, жалгыз ушул вагон оор жүктүү 40 вагонду сүйрөп кете алат. "Локомотив деген эмне", өзү жүргөн вагон локомотив деп аталат жана аны машинист башкарат. Алгачкы локомотив мындан 170 жылдай мурун курулган.

Анын дөңгөлөгүнүн суу буусу менен иштөөчү кыймылдаткыч - буу машинасы айландырган. Бул локомотив буу менен жүргөндүктөн, паровоз - кыргызча буу менен жүргүч деп аталат. Паровоздун чоң мору болуп, андан кара түтүн оргуштап чыкчу. Анткени сууну ысытып, бууга айландырыш үчүн паровоздун мешине көмүр жагылчу. Мешке көмүрдү от жаккыч - кочегар салып турчу. Узак мезгил бою темир жолдо бардык иштерди паровоз гана аткарган. Бирок акыры кыймылдаткычтардын жаңы түрлөрү: электр кыймылдаткыч жана ичинен күймө кыймылдаткыч ойлоп табылды. Электр кыймылдаткычтуу локомотивди электровоз деп аташты.

Электровоздор паровоздон тез жүрүп, көбүрөөк вагон сүйрөй алат. Суу жылытуу үчүн ар дайым көмүр ала жүрүүнүн да кереги жок. Анткени, алардын кыймылдаткычы электр тогу менен иштейт. Ал эми ток болсо, рельсти бойлото тартылган зым менен келет. Зымды кыймылдаткыч менен туташтыруу үчүн электровоздун үстүнө пантограф - зымга такай тийип туруучу түзүлүш орнотулган. - Темир жолдо поезддерди ичинен күймө кыймылдаткычтуу локомотивдер да сүйрөйт. Мындай Локомотив тепловоз деп аталат.

Баарынан кызыгы - тепловоздун кыймылдаткычы дөңгөлөктү эмес, ток иштеп чыгуучу генераторду айлантат. Алынган ток электр кыймылдаткычты иштетип, ал дөңгөлөктү айландырат. Ичинен күймө кыймылдаткыч иштеш үчүн отун керек. Ошондуктан тепловоз отунду дайыма өзү менен ала жүрөт. Ал эми алгачкы локомотив-паровоздор азыр дээрлик пайдаланылбайт. "Локомотив деген эмне" аттуу макалабыздын соңу.

tyup.net

ДҮЙНӨНҮ ДҮРБӨТҮП ЖАТКАН КРИПТОВАЛЮТА ДЕГЕН ЭМНЕ?

Технологиянын өнүгүшү адамзаттын жашоосуна бир кыйла өзгөрүүлөрдү алып келип жатат. Жаңы инновациялардан улам учурда көпчүлүк нерсе компьютердин жардамы менен ишке ашып калды. Эмки кезек акчага жетти. Алардын ордун эми криптовалюта – электрондук каражаттар ээлеп баштады.ЖАРАЛЫШЫКриптовалютанын жаралышы 2008-жылы дүйнөлүк финансы каатчылыгынан башталган. 2009-жылдын 9-январында биринчи криптовалюта биткоин жана анын электрондук капчыгы интернет тармагына чыккан. Анын ойлоп табуучусу Сатоши Накомото деген бир эле адам же ушундай ник менен бир канча адамдардан турган топ айтылат.

КРИПТОВАЛЮТА ДЕГЕН ЭМНЕ? Криптовалюта – бул санариптик валюта. Жөнөкөйлөтүп айтканда, бул компьютердеги электрондук акча. Анын бирдиги – "коин". Криптовалютанын өзү татаал коддордон турган санариптик маалыматтар. Аны интернет тармагынан табуу үчүн атайын алгоритмдерди эсептеп чыгып, тыйынды табууга болот. Тыйын табылып сизге таандык болгон учурда ал блокчейнге криптовалюта сакталуучу жеке капчыкка түшөт. Муну менен атайын программа менен жабдылган жана кубаттуу компьютери бар ар бир каалоочу колдонуп, криптовалютаны издей алат. Криптовалюта боюнча иш алып барган компаниялар аларды интернет тармагына коё берип турат.

БААСЫ КАНЧА?Биткоинден башка лайткоин, нубитс, нэймкойн, пиркоин, рипл жана башка криптовалюталар бар. 2010-жылы биткоинди биржалык фонддордун бири кадимки акчага которуп, трейдерлердин кызыгуусун жараткан. Ошондон бери биткоиндин баасы көтөрүлүп отуруп, учурда бир биткоин тыйындын баасы 7-декабрга карата 11 850 долларды түзсө, эң арзан криптовалюта 1 долларга жетпеген баада. НЕГИЗГИ КАДАМЭлектрондук акчанын реалдуу товар менен алмашуусу 2010-жылы май айында катталган. Америкалык Ласло Хенч тамаша иретинде 2 пицца үчүн 10 миң биткоин берип, төлөөнү ишке ашырган. Бул сыртынан жөнөкөй төлөм катары көрүнгөнү менен, криптовалютанын реалдуулукка карай таштаган негизги кадамы. Ушундан тарта криптовалюта менен төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүн экендиги анык болуп, электрондук акчанын өнүгүүсүнө жол ачкан.

КАНТИП АКЧАГА АЛМАШТЫРАТ?Бүгүнкү күндө кээ бир өлкөлөрдө криптовалюталарды банкоматтарда кадимки акчага алмаштырууга мүмкүн. Ошондой эле интернет-дүкөндөр, кызмат төлөмдөрдү биткоин аркылуу төлөп, ишке ашырыла баштады.

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ: Ачыктык. Криптовалютанын капчыктары кандай гана төлөмдөр же операциялар болбосун алардын тарыхынын баарын сактайт. Коопсуздук. Криптовалютанын жасалмасын жасоо мүмкүн эмес. Көз карандысыздык. Банктар жана салык кызматкерлери криптовалютанын кыймылын көзөмөлдөшпөйт. Криптовалютанын жүгүртүлүшү мамлекеттин карамагында эмес.

КЕМЧИЛИКТЕРИ:Укуктук статусу белгисиз. Кээ бир өлкөлөрдө криптовалютага толугу менен тыюу салынса, кээ биринде колдонууга сунушталбайт. Көмүскө экономикада колдонуу. Кылмышкерлер криптовалютаны өз ара алыш-бериши үчүн колдонушу мүмкүн. Анын реалдуу баасы жок. Криптовалюталардын баасы бир дагы валюта же башка актив менен байланган эмес.

БИТКОИН ТУУРАЛУУУчурда криптовалюталардын эң баалуусу – бул биткоин. Биткоиндин ишин 2012-жылдан тарта «Bitcoin Foundation» америкалык компаниясы жүргүзүп келет. Компаниянын негизги куратору Гэвин Андерсендин айтымында, биткоиндин башкы максаты – интернет тармагында коопсуз, туруктуу каражатты түзүү. Аталган компаниянын айтымында, 2031-жылга чейин 21 миллион биткоинге жеткенде аны чыгаруу токтотулат. Учурда 15 миллионго жакын биткоин интернет тармагына коё берилген жана алардын ээлери бар.

ЭЛЕКТРОНДУК АКЧАДАН АЙЫРМАСЫ КАНДАЙ? Азыркы электрондук акча (электрондук капчыктагы каражат) менен криптовалютанын айырмасы чоң. Электрондук акчага банк же терминалдан кадимки акчаны төлөө менен гана ээ боло алабыз, ал эми криптовалюта бир гана интернет тармагында. Ал бир дагы кадимки акча менен, бир дагы мамлекеттик валюталык систем менен байланышы жок. Криптовалюта көзгө көрүнбөйт дагы, колго кармалбайт дагы, бул түз маанисинде эле электрондук каражат.

КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ?Криптовалютанын келечеги жок деген пикирди көптөгөн адистер айтышканы менен, ал күндөн күнгө ордун бекемдеп баратат. Бул нерсени 1990-жылдардагы интернет жаңы өнүгүп келе жатканы менен салыштырышууда. Анда да көпчүлүк интернет технологиянын заманы келет дегенге ишенишкен эмес. Биткоин учурда дал ушундай мезгил сыноосунан өтүп жаткан убагы. Алгач кичинекей жана анча кирешелүү эмес компаниялар криптовалюта менен иштеп келген болсо, учурда дөө-шаа компаниялар криптовалюта менен иштегенге киришишти. «Азыркы убакытта адамзат биткоинге даяр эмес, бирок келечекте кадимки акчалардын ордун криптовалюталар алмаштыра турган мезгил келе жатканын танууга болбойт»,- деп белгилешет адистер.

ДҮЙНӨДӨУчурда дүйнө жүзү криптовалюта менен "ооруп" жаткан кези. АКШ биткоинди толугу менен тааныган өлкөлөрдүн сап башында турат. Евробиримдикте криптовалюталар интернет аркылуу төлөө системи катары бааланса, Японияда 2016-жылдан тарта мыйзамдуу түрдө төлөө каражаты. Ошондой эле Дания, Түштүк Корея, Канада, Улуу Британия биткоинди мыйзамдуу түрдө тааныган. Ал эми Кытай, Бангладеш, Боливия, Эквадор, Исландия, Индия, Орусия, Таиланд сыяктуу өлкөлөрдө криптовалютаны пайдаланууга тыюу салынган.

КЫРГЫЗСТАНДА Өлкөбүздө криптовалюта мыйзамдуу түрдө төлөө системи катары таанылбайт. Ушул жылы жайында интернет айдыңында Кыргыз өлкөсү криптовалюта чыгарат деген маалымат тараган, бирок бул маалымат өкмөт тарабынан жокко чыгарылган. Бирок Бишкекте биткоин-банкоматтарды кездештирүүгө болот. Алсак, шаардын ресторандарынын биринде биткоин менен төлөсө болот. Мындан тышкары интернет-дүкөндөр да биткоин менен төлөм кабыл алып баштаган.

УЛУТТУК БАНК ЖООП БЕРЕТ:– Биткоин интернетте текшерүүсүз жүргөндүктөн эч бир мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлгө алынбайт. Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча өлкөдө төлөмдөрдү ишке ашыруучу жалгыз расмий бирдик – бул сом болуп эсептелинет. Улуттук банкта азыркы учурда жарандар арасындагы жүгүртүлүшүндө канча биткоин бар экендиги тууралуу маалымат жок. Криптовалюта виртуалдык жүгүртүлүүдө болгондуктан, демек, ал глобалдык деңгээлде. Муну менен катар Улуттук банк эл аралык тенденцияда болуп жаткан криптовалютаны байкап, бул жаатта изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

Каржы боюнча серепчи жана блокчейн адиси Назик Чоноева өлкөбүзгө алгачкы биткоиноматты алып келип, криптовалютаны жайылткандардын бири. – 2014-жылы жолдошум Эмануэле Коста экөөбүз Бишкекке биткоиномат алып келип, шаар тургундарына тааныштырып, ошондон тарта өлкөдө биткоинге болгон кызыгуу башталган. Криптовалюта актив катары таанылып, анын келечеги кең болуусу үчүн мамлекеттик деңгээлде каралуусу керек деп ойлойм. Криптовалюта колдоого алынса көптөгөн инвестицияларды тартууга, жаңы компаниялардын ачылышы менен экономикага оң таасирин бере алат. Муну менен инновациялык борборго айлануусу толук мүмкүн.

Адилет Керимбек уулу[email protected]

www.super.kg

ИММУНИТЕТ ДЕГЕН ЭМНЕ?

№362 9-15-октябрь, 2009-ж.

«Иммунитет төмөндөп кеткенде оору келип чыгат» деген сөздү баарыбыз эле угуп жүрөбүз. Бирок иммунитет деген эмне экенин жакшы биле бербейбиз. Ар түркүн оорулардын алдын алып, ден соолугубуздун сакчылыгында турган иммунитет дүйнөсүнүн сырларын назарыңыздарга сунабыз.

Жалпы түшүнүк

Иммунитет – организмдин инфекцияларга жана чоочун заттарга каршылык көрсөтүүсү. Иммунитет тубаса жана кийин пайда болгон делип экиге бөлүнөт. Тубаса иммунитет адамга түйүлдүк кезинде эле апасынан өтөт. Ал эми кийин пайда болгон түрү адам ооруга кабылганда эмдөөдөн улам пайда болот.

Организм “сакчылары” жана “душмандары” тууралуу

Күн сайын, мүнөт сайын ар бир организмде адамдын ден соолугунун сакчылыгында инфекцияларга жана чоочун заттарга каршы «аскер-клеткалар» жана механизмдер иштеп турат. Ички агрессияны (душмандын кол салуусун) басуу үчүн даяр турган атайын клеткалар да бар. Мунун баарын иммундук система жөнгө салат. Эми муну жөнөкөйлөтүп түшүндүр­сөк. Атайын клеткалар ички коопсуздукту камсыз кылуу максатында организмди кыдырып, ар бир клетканын «паспортун» текшерип турат. Анткени мүнөт сайын аба, суу, тамак-аш жана теридеги тытылган, чийилген жерлер аркылуу организмге түрдүү чоочун микробдор, вирустар, мителер, майда козу карын денечелери кирет. Ал эми сакчылыкта турган иммундук система аларды дароо билип, курчоого алып, жок кылат. Кокус «күчтүү душман» (мисалы, микроб же вирус) ичке көп кирип кетсе, анда «жалпы тревога» жарыяланат да, сезгенген жерди коргоо үчүн көптөгөн «аскер-клеткалар» жетип барышат.

Коргоочу клеткалардын жаңылыштыгы эмнеге алып келет?

Кээде биздин организмде ички башаламандык жаралат. Анткени ар бир орган жана клеткалар системасы улам жаңырып турат. Бул үчүн резервдеги клеткалар дамамат бөлүнүп турууга аргасыз. Андыктан дал ушул бөлүнүү учурунда жаңы клетканы атайын клеткалар тааныбай, кармап алышат. Мындай катачылыкты сырткы чөйрөнүн терс таасирлери (мисалы, күнгө көп күйүү) көбөйтүп жибериши мүмкүн. Катачылыктын айынан клетка өлүшү же залалдуу клеткага айлана баштоосу мүмкүн. Кезектеги «текшерүүдө» залалдуу шишикке айланган клетка жок кылынат. Ал эми катачылыктан кармалган клетка өлө элек болсо, азаттыкка чыгат.Кээде атайын клеткалар ким өз, ким жат экенин ажырата албай калышат. Мындай болгондо нормалдуу клеткалар да жат деп эсептелинип, жок кылынат. Бул процесс «аутоиммундук патология» деп аталат. Аутоиммундук ооруларга ревматоиддүү артрит, бөрү жатыш, псориаз жана кээ бир нерв, кан оорулары кирет. Атайын клеткалардын иши бузулганда, организмге кирген кадимки үйдүн чаңы же ит-мышыктын жүнү, тамак-аш азыктары же жөнөкөй эле дары-дармектер күтүлбөгөн жерден чоочун зат болуп эсептелинип калат да аллергия жаралып, өнөкөткө айланат. Кээде организмге кирген инфекция менен күрөшүүдө биздин иммундук система аларды убагында жок кылууга жетишпей калат. Мындай болгондо сезгенүү очогу жок болбой, ал жерде «аскер-клеткалар» менен «душмандардын кагылышы» жүрөт. Ушул учурда «согуш» болуп кетиши мүмкүн. Мисалы, бронхиалдык астманын байкоосуз, курч кармаган белгиси (пристубу) ушунун айынан кармайт.

Коргоочуга кам көрүңүз!

Иммунитет дайыма бир калыпта иштесе, анда организмге коркунуч туулбайт. Башкача айтканда, инфекциялык, аллергиялык, аутоиммундук ооруларга чалдыкпайсыз.Жогоруда айткандай, адам вирус жана башкалардан иммунитети аркылуу коргоно алат. Ошондой эле иммунитет адамдын суукка, ысыкка, радиацияга жана кислотага туруштук берүүсүн камсыз кылат. Эгер иммунитет төмөндөп кетсе, анда организмге кирген микробдор, вирустар, мителер жашап кетет да көбөйө баштайт. Адам бат-баттан жана катуу ооруйт. Мындай абалды дарыгерлер «иммундук жетишпестик», «иммунитеттин кемчилиги» деп аташат. Буга СПИД (синдром приобретённого иммунодефицита) мисал боло алат.

Иммуниттетин төмөндөшүнүн белгилери

Алгачкы белгилерине: өзүн жакшы сезбөө, бат чарчоо, шалдыроо, уйкуга тартылуу же уйкусуздук, баш оору, булчуңдардын жана муундардын жанчылгандай болуп оорусу кирет. Мындайда адамдын көөнү эч нерсеге тартпай да, көпчүлүктү сүйбөй да калат. Кээ бир адамдарда аллергия пайда болот.

  • 2-этаптын белгилери болуп кадимки мурун бүтүүнүн (ринит) өнөкөткө айланышы, учук, сасык тумоо сыяктуулар кирет. Андыктан комплекстүү дарылануу керектелет.
  • 3-этаптын белгилери болуп өнөкөт оорулардын көбөйүшү жана алардын оорлошу кирет.
  • Негизинен, иммунитети төмөндөгөн адамдарга терисинин түлөшү, өңүнүн бозорушу, ичкерип, өңүнөн кеткен чачтар, катмарланып, сынып туруучу тырмактар мүнөздүү.

Иммунитетти кантип көтөрүү керек?

Эң башкысы, организмди чыңдоо керек. Бул үчүн спорт менен достошуу, витаминдүү тамак-аштарды кабыл алуу, туура тамактануу, стресстерден арыла билүү, жаман адаттардан кутулуу (ичкилик, тамеки чегүү), жайында жылаңайлак басуу, сууда сүзүү жана башкалар кирет.Адам иммунитети төмөндөгөндө иммунологго көрүнүп, дарылануусу керектелет. Иммунолог дары-дармек менен түрдүү витаминдерди, көнүгүүлөрдү да жазып берүүсү мүмкүн.

Эске ал!

Иммунитетти жогорку деңгээлге көтөрүүчүлөргө буурчак, ит мурун, сарымсак, батат (таттуу картошка), каакым, деңиз капустасы, чычырканак, инжир, жаңгак, жень-шень, чалкан, броколли капустасы, сабиз, апельсин, болгар калемпири, ашкабак кирет.

Иммунитетти көтөрүү үчүн...

  • Алоэнин жалбырагынан 500 грамм алып, аны эт туурагычтан өткөрөбүз. Алынган массага 500 грамм кумшекер, 1,5 стакан кагор (шарап) кошобуз. Тамак ичерден мурун 1 аш кашыктан ичүү сунуш кылынат.
  • Түрптүн жана сабиздин ширесин теңме-тең алып, ага 1 аш кашык бал жана 1 аш кашык лимон ширесин кошобуз.
  • Эртең менен жана кечинде 1 аш кашыктан ичүү керек.
  • 500 грамм майдаланган жаңгакка 300 грамм бал, 100 грамм алоэнин жана 4 лимондун ширеси, 1 стакан арак кошулат. Аралашма 1 сутка тыныктырылат. Тамак ичерден 30 мүнөт мурун 1 аш кашыктан ичүү сунушталат.
  • Жаңгактын кургатылып, майдаланган 2 аш кашык жалбырагын термоско салып, үстүнө 0,5 литр суу куюу керектелет. Дары-чайды түнү менен термосто калтырып, эртеси 50 граммдан 4 маал ичүү талапка ылайык.
  • Күн сайын же болбосо эки күндө бир сарымсактын бир тишин жеп туруу керек.
  • Ит мурунду сууга салып, кайнатып алган соң ага кант же бал кошуп ичүү кажет.
  • Бул дары-аралашма үчүн 3-4 лимон, 1 стакан жаңгак, 300 грамм өрүк как, 300 грамм мейиз, 3-4 кашык бал керектелет. Балдан башкасынын баарын эт туурагычтан өткөрөбүз. Ал эми лимонду таза жууп, данектерин алып салып, майдалап кесебиз. Баарын аралаштырып, үстүнө балды кошуп, банкага салабыз. Эми четинен 1 аш кашыктан ач карын 4 маал жей берүү керек.

Канымжан Усупбекова [email protected]

www.super.kg

Нефть

Байыркы заманда эле адамдар нефтинин бар экендигин билишкен. Кудук казганда кээде суунун ордуна кара күрөң түстүү, жыты мурунду жарган майлуу суюктук чыга турган. Анын бир жакшы касиети - мыкты күйчү (ага кошулуп чыккан газда да ушундай касиет бар). Аны чыракка куя башташты, өрттөөчү жебелердин учуна оролгон кебезин да, дөңгөлөктүн огун да аны менен майлашчу. Андан ар түрдүү ооруларга эм болуучу дары майларды жасашкан. Ошентсе да ичинен күймө кыймылдаткыч ойлоп табылганга чейин нефть көп деле керектелген эмес. 19-кылымдын орто ченинде нефтиден керосин бөлүп ала баштады. Ал жарык кылуу үчүн кеңири пайдаланылып жатты, ал эми керосин менен кошо бөлүнгөн бензинди керексиз зат катары деңизге төгүп салышчу.

Азыр таптакыр башкача. Нефть автомобиль менен учактарга, параход менен тепловоздорго, трактор менен комбайндарга, электр станция менен заводдорго өтө керек. Алардагы кыймылдаткычтар, мештер алынуучу бензин, керосин, мазут сыяктуу суюк отун менен иштейт. Ар түрдүү машиналар менен механизмдер да нефтти өтө көп талап кылат. Алардын жылмышма жана айланма бөлүктөрүн дайыма майлап туруу керек. Майлоочу зат да нефтиден жасалат. Химиялык заводдорго да май көп керектелет. Анткени нефтиден синтетикалык каучук, бышык, ичке жип, пластмасса, боёк, жарылма заттар, дары-дармек алынат.

Окумуштуулар нефтинин көмүрлүү суутектен, күкүрттөн, азот менен кычкылтектен турарын аныкташты. Нефть көбүнчө жер түпкүрүндө, тереңде болот. Аны алуу үчүн бир нече чакырым тереңдикти бургулап тешүү керек. Тереңде нефть өзү менен дайыма кошо жүрүүчү газдардын басымы астында болот. Ошондуктан бургулап тешилген жерден нефть өзү эле жогору карай жылып жөнөйт.

Бургулап тешүүчү механизмден - скважинадан нефть аны сактоочу атайын жайларга түтүк менен агып барат. Ал жерден темир жол цистерналарына куюп, керектүү жакка ташып кетишет, ал эми океан, деңиздердин ар жагына нефть куюлуучу атайын зор кемелер - танкерлер менен ташылат. Бирок нефтини суу түбүнө же жер астына курулган түтүктөр аркылуу агызып кетүү баарынан оңой.

tyup.net

Дарылабаса, эмне болот? Кыргызстанда көп кездешүүчү жыныстык оорулар

Кыргызстанда "уят болот" деп сөз кылууга тыюу салынган нерселер өтө эле көп, мисалы, жыныстык ооруларын кеп кылган уят. Мындан улам аялдар "ооруп жатканын" эч качан күйөөсүнө айтпайт, дарыгерге да чуркап бара койбойт. 

Гинекологго барышы керек болгон айылдык келинди элестетиңиз. Ооруканадан аны бир таанышы көрүп калсачы? Ал тиги аял эмне кылып жүргөнүн өзү эле жоромолдоп да, барып эле өз башынан көчүрүп жазылган "баалуу маалыматты" төкпөй-чачпай айылга бүт жайып жибербейби. Антип "аты чыккан" аял менен күйөөсү ажырашып тынышы да мүмкүн. Ошон үчүн байкуш аял жакшы болуп кетермин деген үмүт менен өзү дарылана баштайт. Ооруканага дарты такыр өтүшүп кеткенде же өнөкөт болуп калганда гана барат. 

Мен көп жыл бою хирургияда иштеп, андай келиндердин далайын көргөм. Бир жолу бир төрөй албай жаткан аялды алып келишти. Эмне болгонун териштирип отуруп, жатындын шишиги — миома бар экенин аныктадык. Эч кандай боюнда жок эле ошол шишикти бала деп алышкан экен! Жок дегенде бирөө УЗИ жасатып койсочу… Албетте, эми ал балалуу болбойт.

Жаштарды оору-дарттан сактанууга ким үйрөтүп жатат дейсиз? Жыныстык ооруларга жеңил-желпи жүргөндөр эле чалдыкпайт да. Бирөө менен бир эле жолу коргонуусуз жыныстык байланыш эле жетет — үй-бүлөңө дарт келди дей бер. 

Анан калса азыр презервативдердин жаңы түрү пайда болду. Жаркыраган этикеткаларында "өтө сезгич" же "өтө жука" деп жазып коюшат. Бирок ошол жука материянын вирустарды өткөрө турган тешикчелери болот. 

Жыныстык оорулар жөнүндө көп имиштерди уккам. Мисалы, бир хлоргексидин деген антисептик жөнүндө муундан муунга карай жөө жомок айтылып келет. Биздин эркектер коргоосуз байланыштан кийин тюбиктин учун заара чыгаруучу түтүкчөсүнө такап, катуу кысып, бир-эки мүнөт чыдап туруп анан дааратканага барып койсо болду деп ойлошот. 

Андай айболиттерден физика мыйзамы кайда калат деп сурагым келет. Хлоргексидинди басып чачканда инфекция жогору карай кетет да! Андан да бардык вирус жоголбойт — ал бир кудайдын айтканынан болот.

Дагы бир маанилүү нерсе — антибиотиктер. Дарыгер кагазга жөндөн жөн эле "жети күн ич" деп жазып бербейт да. Ооба, дарттын белгилери үч күндөн кийин өтүп кетиши мүмкүн, бирок инфекция организмде калды да. Бул эмнеге алып келет? Аялдар, мисалы, төрөбөй калат: жатындын түтүкчөлөрү жабышып, урукту өткөрбөйт. Ал эми уруктар катнаша турган болсо, клетка фаллопий түтүгүндө өрчүп отуруп, түтүк жарылып кетиши мүмкүн. Мындай окуя шашылыш операция кылууга шарты жок тоолуу аймакта болгонун элестетиңиз. Аял жети саатта эле кан кетип өлүп калбайбы. 

Кыскасы, бул оюнчук эмес. Өз саламаттыгына кайдыгер карагандын артында кандай коркунучтар бар экенин азыр айтып берем. 

Трихомониаз. Бул дарт Кыргызстанда аябай кеңири тараган. Аны менен аял да, эркек да ооруйт. Болгондо да эркектер көбүрөөк жабыркайт. Алгачкы белгилери — жагымсыз жыты бар суюктук бөлүнүп чыга баштайт. Эркектер заар кылганда катуу ооруну сезет. 

Эркектин организминде инфекция өтө тездик менен – жуккандан кийин 5-7 күндө эле табарсык түтүктөрү менен көтөрүлүп отуруп, урук безине жетет. Простатиттин оор түрү башталды дей бер! Мында оорудан эч арыла албайсың, аны катуу көзөмөлдөп гана турса болот. Иммунитет начарлаган сайын ал күчөп турат. Орган да өзгөрүп, карылык келгенде жаныңды койбойт: дааратканага саат сайын чуркап каласың. Ушунчага жеткирбей эле бир жума чыдап, антибиотик алып койсо эле жетет! 

Аялдар аз болсо да жолдуу экен — аларда инфекция жогору карай кеткен учурлар сейрек кездешет.

Сифилис. Бул дарт бизге Түштүк Америкадан келген. Азыр аны өтө күчтүү антбиотикти беш жолу сайып дарылаганды үйрөнүп алышкан. Кыргызстандыктар, баса, "турмуштук сифилис" деген сөздү жакшы билип алышыптыр, бирок оорунун бул түрү өтө сейрек кездешет. Бейтаптардын көпчүлүгү тартынчаак, дартты көнүмүш эле жол менен илештирип алып, бирок аны моюндагандан коркот. 

Сифилитиктердин баарын мурдунун жоктугунан таанып билсе болот деген болбогон кеп. Адам ооруга чалдыкканын сырткы келбетинен сифилис өтүшүп, үчүнчү баскычка жеткенде гана биле аласың. Ал дарт жуккандан 1,5-3 жылдан кийин болот. Дал ошондо кемирчектер жабыр тарта баштайт. 

Сифилистин алгачкы белгиси — дарт жуккан жерде пайда болчу агыш тарткан катуу жара. Ал эч оорубайт. Үчүнчү күнү жатын туштагы бездер чочуп, чоңоюп калат. Кайдыгерлик өлүмгө алып келет. Алгач муундар ооруп, анан кыймылсыз болуп калат, бүтүндөй организмдин иштеши бузулуп, денени жара басып кетет. 

Советтер Союзунда сифилиске чалдыккандарды бир ай дарылап, дагы жарым жыл студенттерге көрсөтүш үчүн ооруканада кармашчу. Бейтаптар жабык бөлмөлөргө жаткырылып, зордоп дарыланчу. 

Азыр кааласаң, дарыгерге кайрыласың, каалабасаң, жок. Тубаса сифилис менен төрөлгөн балдар көп. Алар дени сак балдардан айырмаланып териси купкуу болот. Андай балдар кыймылсыз, бош болуп, дарыгерлердин жардамысыз көпкө жашабайт. Инфекциядан кутулса болот, бирок анын кесепетинен арыла албайсың. 

Гарднереллез. Бул дарт эркектерден жугат, бирок аялдар жабыр тартат. Аз сандагы гарднерел ар бир дени сак аялдын жыныстык органындагы микрофлорада болот. Бирок алар менен лактобактериялардын катнашы бузулганда оорунун белгилери сезилет. Ал негизинен жыныстык жол менен жугат. Илдеттин кесепеттери көп: иммунитет төмөндөп, кандиоздон тартып кош бойлуулук мезгилде кыйынчылыктарга чейин болот. 

Гарднереллез башка инфекцияларга жол ачат. Аял көп ооруй баштайт. Инфекцияны көпкө дарылабай койсо, ал жогору көтөрүлүп отуруп, жатынга келиши мүмкүн. Бул эмнеге таасир этерин билесизби? Туура, кош бойлуулукка. 

Папиллома вирусу. Бул дарт — "аялдын назик өлтүргүчү". Ал да эркектерден жугат, бирок аларга эч зыяны жок. Оору эмнеси менен коркунучтуу? Анын эч белгиси жок, ошонусу менен. Аял бала төрөп, тынч жашап жүрө берет… анан 35ке чыгып калганда анын "ичи ылдый тартып ооруй" баштайт. Ошондо гана жатындын түтүгүндөгү шишик аныкталат. 

Бул илдеттен кутулуунун эки жолу бар: химиотерапия же жатынды алып салуу. Экөөндө тең аял төрөбөй калат. Вирусту организмден такыр жок кылуу мүмкүн эмес, бирок анын терс таасирин азайтса болот. 

Хламидиоз. Бул өтө күчтүү инфекция былжыр челге жугат. Алгачкы 1-2 жума дарт сезилбейт, андан кийин заара учурунда ооруп, суюктук бөлүнүп чыга баштайт. Кол шилтеп койсоң, инфекция эркектердин урук безин, аялдардын жатынын сезгентип, тукумсуздукка алып келет. 

Баарынан да хламидиоз менен ооруган эненин ичиндеги балага жаман болот. Хламидиялар ымыркайдын ичегилерин, өпкөсүн, муундарын жана көздөрүн жабыркатышы мүмкүн.

sputnik.kg